Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бүгүн Кыргызстанда күндүн ысыгы 42 градуска чейин жетет
28.07.2022 | 09:15
Бүгүн, 28-июлда Кыргызстанда күндүз күндүн ысыгы 42 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Кыргызгидромет борбору бүгүн өлкөдө кургак жана ысык аба ырайы сакталарын эскертип, күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү сунуштайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +36… +41,
Талас өрөөнүндө +34… +39,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө +37… +42,
Суусамыр өрөөнүндө +27… +32,
Ысык-Көл ойдуңунда +29… +34,
Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында +31… +36,
Бишкек шаарында +36… +40 градус болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом