КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
1-июнда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жолдор убактылуу жабылат
01.06.2026 | 12:06

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн, 1-июнда, Ала-Тоо аянтындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек милициясынын Кайгуул күзөт кызматы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 16:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү тилкелер жабылат:
- Чүй проспектиси — Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
- Орозбеков көчөсү — Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Кайгуул кызматы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана башка жолдорду колдонууга чакырды.
Эске салсак, бүгүн Эл аралык балдар күнүнө карата борбордук Ала-Тоо аянтында жана шаардын райондорунда майрамдык иш-чаралар өтөт. Алардын программасы менен ушул шилтемеден тааныша аласыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек