Аскерге чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү санариптештирилди

01.06.2026 | 12:36
Министрлер кабинетинде жыйын өтүп жатат

Бүгүн, 1-июнда, Министрлер кабинетинин аппараттык жыйында аскерге чакыруу курагындагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча реформанын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйы Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өттү.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында «Sanarip Clinic» тутумунун базасында аскерге чакырылгандары санариптик медициналык текшерүү модели ишке киргизилген. Бул модель отчётторду электрондук форматта даярдоого жана аскердик-дарыгерлик комиссиянын чечимдерин «Түндүк» мекемелер аралык системасы аркылуу алмашууга мүмкүндүк берет. Жарандар комиссиянын ишинин жыйынтыгын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу текшере алышат.

Пилоттук долбоор Чүй облустук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда ишке ашырылып, анда 788 адам санариптик текшерүүдөн өткөн. Мурда бул процесс райондук аскер комиссариаттарында жүргүзүлүп, медицина кызматкерлеринин ашыкча жүктөмүнө жана иш кагаздарынын көптүгүнө алып келген.

Жыйында жаңы тутум медициналык персоналдын ишин жеңилдетип, процесстердин ачыктыгын камсыз кылганын, келечекте бул тажрыйба республиканын бардык аймактарына жайылтылары айтылды.

Scroll to Top