1 млрд. 9 млн. сомго радиожыштык сатылды

1 млрд. 9 млн. сомго радиожыштык сатылды

23-27-сентябрында www.auction.nas.gov.kg интернет-порталында Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугуна 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштык ресурсун сатуу максатында үч лот боюнча онлайн-аукциондор өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өткөрүлгөн аукциондордун жеңүүчүлөр:
— 1-лот боюнча – 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн 296 млн 121 миң 600 сом суммасын сунуштаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom);
— 2-лот боюнча – 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн 353 млн 235 миң 200 сом сунуштаган «НУР Телеком» ААК (О!);
— 3-лот боюнча – 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн 360 млн 64 миң сом сунуштаган «Sky Mobile» ЖЧК (Beeline).

Натыйжада, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык ресурсун колдонуу боюнча үч лот 1 млрд 9 млн 420 миң 800 сом суммасына сатылды.

2017-жылы бул лицензия 1000 сомго узартылган, ал эми 2020-жылы компания тарабынан экинчи рынокто 1,5 млн АКШ долларга (же учурдагы курс боюнча 127 млн 500 миң сом) суммада эфирдик-кабелдик телеберүүнү кеңири тилкелүү маалыматтарды берүү технологиясына (LTE) өзгөртүү ниети менен сатылган. Бул кийинки сатык үчүн коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>