15 жаштагы кызды 28 киши зордуктаган

15 жаштагы кызды 28 киши зордуктаган

Индиянын Мумбай шаарынын полициясы 15 жаштагы кызды топтук зордуктоого шектүү 28 кишини кармады. Бул тууралуу BBC News кабарлады.

Басылмада жазылгандай, айыпталуучулар жабырлануучуну бир нече ай бою үзгүлтүксүз зордуктап келишкен. Январь айында индиялык жаш кызды жыныстык катнашка мажбурлап, видеого тартып алган. Кийин ал тасманы досторуна өткөрүп берген, алар кызды шантаж кыла башташкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышкерлер жабырлануучуну Мумбайдын четинде зордукташкан. 22 -сентябрда кыз милицияга арыз менен кайрылып, 30дан ашуун адамды кылмышка тиешеси бар деп айыптаган. Алардын айрымдары кармала элек.

Индия аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Аялдар, кыздар дайыма үй -бүлөлүк, сексуалдык зомбулукка көп кабылышат.

Ушул жылдын июнь айында эле Андхра -Прадеш штатында күйөөсү аялын өлтүрүп, денесин өрттөп, калдыктарын чемоданга катып койгон. Аялы жоголгондон кийин ал коронавирустан каза болгон деп айтып койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>