Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Жер алдындагы өтмөктөр курулат: Бишкекте 5-августтан тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат
04.08.2026 | 15:57

Бишкек шаарында жер алдындагы жаңы жөө өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына этап-этабы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Жер алдындагы өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:
- Анкара көчөсү («Глобус» соода борборунун жанында);
- Ауэзов көчөсү (Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн жанында);
- 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
- Байтик Баатыр көчөсү (курулуп жаткан мечиттин жанында);
- Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде;
- Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек