1-сентябрдан тарта унааны онлайн түрдө кайра каттоого болот

1-сентябрдан тарта унааны онлайн түрдө кайра каттоого болот

2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 1-сентябрына чейин автотранспортторду онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирүүдө, деп билдирди ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемеси.

Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот.

Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек, ал эми унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат.

Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргызстандын банктары жана “Түндүк” мамлекеттик порталы тарабынан иштелип чыккан тиешелүү тиркемелер боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>