Кыргызстандын жарандары Беларуста 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат

Кыргызстандын жарандары Беларуста жашаган жери боюнча каттоого турбастан 30 календардык күнгө чейин жүрө алышат. Ушундай эле тартип Беларустун Кыргызстандагы жарандарына да колдонулат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизилген макулдашууда каралган.
Макулдашууга 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына расмий сапары учурунда кол коюлган. Документ күчүнө кириши үчүн Кыргызстан мамлекет ичиндеги тиешелүү жол-жоболорду аякташы керек.
Документке ылайык, Беларуста убактылуу жүргөн кыргызстандык 30 календардык күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү болбойт. Бул мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып эсептелет. Эгер жаран Беларуста 30 күндөн ашык калса, анда ал өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каттоого турушу керек. Ушундай эле тартип Кыргызстанга келген Беларусь жарандарына да колдонулат.
Макулдашууда эки өлкөнүн жарандары кирип-чыга ала турган документтердин тизмеси да аныкталган. Кыргызстандын жарандары үчүн алардын катарында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорт, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүк бар. Беларусь жарандары үчүн өзүнчө документтердин тизмеси каралган.
Макулдашуу мөөнөтсүз түзүлөт. Ошол эле учурда тараптардын ар бири экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүп, анын колдонулушун токтото алат. Мындай учурда макулдашуу билдирүү алынган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
Негиздеме-маалымкатта документтин ратификацияга кеч киргизилишинин себеби да өзүнчө түшүндүрүлгөн. Президенттин 2026-жылдын 29-апрелиндеги жарлыгынан кийин Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым функциялары Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Кайра уюштурууга байланыштуу документтерди мамлекеттик органдар менен кайрадан макулдашып, толуктап чыгууга туура келген. Ошондуктан ратификацияга даярдык көрүү кошумча убакытты талап кылган.