«100 сомдук маалымкат 500 сом болуп калды» — Бекешев мамлекеттик кызматтардын кымбатташын сынга алды

01.06.2026 | 15:12
Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын баасынын кескин өсүшүн сынга алып, айрым кызматтардын наркы түшүнүксүз себептер менен бир нече эсеге жогорулап кеткенин билдирди.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтар жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын баасы алардын өздүк наркынын негизинде эсептелерин айтты.

Бирок Бекешев бул принцип чындыгында эле сакталып жатканына күмөн санарын билдирди.

«Бизде мамлекеттик кызматтар кандайдыр бир уюмдун бизнесине айланып калгандай болуп жатат. Мурда 100 сом турган үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат азыр 500 сом болуп калды. Айрым документтер 100 сомдон 1100 сомго чейин кымбаттады. Мамлекеттик номерлерди каттоо мурда миң сом болсо, азыр төрт миң сом болуп калды», — деди депутат.

Анын айтымында, көптөгөн мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылоого өткөндөн кийин көрсөтүлгөн кызматтардын баасын олуттуу жогорулатып жиберишкен.

«Өзүн-өзү каржылоо документтердин баасын автоматтык түрдө он эсеге көтөрүүгө негиз болбошу керек», — деп белгиледи ал.

Депутат ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери кетирген каталар үчүн да жарандар кайрадан төлөм жүргүзүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

«Адис маалымкатта ката кетирсе, аны оңдотуу үчүн дагы жаран төлөйт. Эмне үчүн ушундай болушу керек?» — деп суроо салды Бекешев.

Мындан тышкары, ал кыймылсыз мүлккө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо тартибин да сынга алды. Анын айтымында, батирди, үйдү же жер тилкесин каттагандан кийин жарандар кошумча түрдө кадастрдык план үчүн дагы төлөм төлөөгө мажбур болушат.

«Мурда адам каттоо үчүн мамлекеттик алым гана төлөчү. Азыр болсо иш жүзүндө эки жолу төлөп жатат. Анын үстүнө кадастр кызматтары арзан эмес», — деди депутат.

Өз кезегинде Чоро Сейитов мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын баасы алардын өздүк наркынын негизинде аныкталарын дагы бир жолу белгиледи. Бирок айрым кызматтардын эмне себептен кымбаттап кеткенине байланыштуу кеңири түшүндүрмө берилген жок.

Scroll to Top