Кыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек Жекшенкулов
Күзгө чейин жүк ташуучу унаалардын күндүзгү убакта жүрүүсүнө чектөө киргизилди
01.06.2026 | 14:57

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизди.
Ага ылайык, абанын температурасы 28°C жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Бул чара жолдордун сакталышын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Чектөө төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
- жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортко;
- гуманитардык жардам ташыган унааларга;
- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуучуларга;
- атайын уруксаты бар жүктөргө;
- жолдорду куруу жана оңдоо иштерине тартылган транспортко.
Көзөмөл иштерин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору жүргүзөт. Процесс транспорттук көзөмөл пункттарында ишке ашырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: транспорт министрлиги