Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кара-Балта шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды
01.06.2026 | 15:44

Кара-Балта шаарынын вице-мэри К.А.У. жана «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. коррупцияга шектелип кармалышты. УКМКнын маалыматына ылайык, Кара-Балта мэриясынын аталган кызмат адамдары муниципалдык курулуш материалдарын мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.
Иликтөөнүн алкагында кармалгандар жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битумдук асфальтты мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган. Мунун натыйжасында жергиликтүү бюджетке жана ишканага зыян келтирген.
Шектүүлөр кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар