Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
11-майдан тарта Бишкек мэри шаардын бардык райондорунун тургундары менен жолугушат
04.05.2026 | 10:49
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 11-майдан 19-майга чейин борбор калаанын бардык төрт районунун тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Жолугушууларда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана муниципалдык кызматтардын иши боюнча суроолорду берип, ошондой эле сунуштарды киргизүүгө болот.
Свердлов району:
- 11-май саат 16:00 — КРСУ, Киев көч., 44;
- 12-май саат 16:00 — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, Широкая көч., 1а.
Биринчи Май району:
- 13-май саат 16:00 — М. Рыскулбеков атындагы КЭУ (Кыргыз экономикалык университети), Тоголок Молдо көч., 58;
- 14-май саат 16:00 — «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, Абдумомунов көч., 197.
Ленин району:
- 15-май саат 16:00 — БМУ (Бишкек мамлекеттик университети), Чыңгыз Айтматов проспектиси, 24;
- 16-май саат 16:00 — КУУ (Кыргыз улуттук университети), Фрунзе көч., 547.
Октябрь району:
- 18-май саат 16:00 — «Таберик» залы, Байтик Баатыр көч., 17;
- 19-май саат 16:00 — «Ала-Тоо» эл аралык университети, Анкара көч., 1/8.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом