12-майга карата аба ырайы

12-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жана кар жааган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +13…+18

күндүз +25…+30

Талас облусу

түнкүсүн +11…+16

күндүз +23…+28

Баткен облусу

түнкүсүн +13…+18

күндүз +27…+32

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +13…+18

күндүз +27…+32

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +19…+24

Нарын облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +19…+24

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>