Ошто айым режиссерлордун кинофоруму өтүүдө

Ошто айым режиссерлордун кинофоруму өтүүдө

Ош шаарында 11-майда Кыргызстан айым режиссёрлорунун V кинофорумунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чара Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында өттү. Быйылкы кинофорум акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айым Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналган. Иш-чаранын алкагында Лила Турусбекова тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Түркия, Корея жана Казакстандан келген кинематографисттер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чаранын экинчи күнүндө, 12-майда «Семетей» кинотеатрында Кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары көрсөтүлүп, талкуулар уюштурулат.

Ошондой эле, айым-режиссёрлор көрүүчүлөр менен жолугушат.

13-майда кинофорум салтанаттуу түрдө жабылат.

14-май күнү «Семетей» кинотеатрында режиссёр Жаңыл Жусупжандын «Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың» аттуу даректүү тасмасынын бет ачары болот. Даректүү тасманы Кыргызстан менен Франция биргелешип тартан.

Мэриядан белгилешкендей, Кыргызстан айым режиссёрлорунун V кинофоруму Швейцария өкмөтүнүн, Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Ошто айым режиссерлордун кинофоруму өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>