Кумтөрдүн отчету эл аралык аудит тарабынан тастыкталдыАлмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалдыЖогорку Кеңешке медициналык билим берүүдө талап кылынбаган сөөктөрдү колдонуу боюнча долбоор киргизилдиДепутат сот арачылары институтун Кыргызстанда киргизүүнү сунуштадыДастан Бекешев Бишкекте бак-дарактардын массалык кыйылышына жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин аракетсиздигине нааразыАйрым мал-жандык ооруларына каршы вакциналар мамлекет тарабынан бекер берилүүдө
13-июль: Кыргызстанда дагы 448 адамга коронавирус жукту
13.07.2020 | 10:17
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 488 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 13-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 265 адам. Ош шаарында 45, Чүй облусунда 37, Ош облусунда 26, Жалал-Абад облусунда 51, Баткен облусунда 43, Ысык-Көл облусунда 15, Нарын облусунда 4, Талас облусунда эки адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми пневмониядан 165 адам айыкты.
18-марттан 13-июлга чейин өлкөдө жалпы 11 миң 117 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3460 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом