13 кыргыз жараны Европада, 12 адам Кытайда жаза мөөнөтүн өтөп жатат

13 кыргыз жараны Европада, 12 адам Кытайда жаза мөөнөтүн өтөп жатат

Чет өлкөдө Кыргызстандын 1 миң 418 жараны түрмөдө олтурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, Европада — 13, Кытайда – 12, Россияда — 1 миң 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

«Россияда түрмөдө жаткандардын 378и Кыргызстанга которулуу өтүнүчү менен кайрылышкан, 452 жаран экстрадициядан баш тартышкан. Азыр 50 иш боюнча тийиштүү кагаздар келди. Ал жакта көбүнчө баңгизат менен кармалып, соттолгондор», — дейт Үмүткан Конкубаева.

Ал эми Кыргызстанда 263 чет элдик жаран эркинен ажыратылган. Анын 24ү өтө оор кылмышка айыпталып, өмүр бою кесилген.

Комитет «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу» келишимди карап чыгып, колдоого алды. Башкы прокурордун маалыматында, макулдашуу буга чейин өкүм чыккан адамдарга дагы колдонулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>