Ошто мектеп окуучулары арасында аскердик мелдеш өттү

Ошто мектеп окуучулары арасында аскердик мелдеш өттү

Ош облусунда мектеп окуучулары арасында «Мыктыгер» аскердик мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мелдеш 17-ноябрда Ош шаарындагы Коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында өткөн. Ага 7 районунан 7 команда катышты. Ар бир команда 20 окуучу кыз-балдардан турган.

«Аталган иш-чара мектеп окуучулардын алгачкы аскерге чейинки даярдыгын, мекенин жана жерин сүйүү, коргоо сезимин жогорулатуу, тартибин, ошондой эле бири-бирине болгон мамилесин бекемдөө максатында уюштурулду.

Бул сынактын алкагында өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын командалык топ менен биргеликте аракеттенүүнү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү, саптык ырааттуулукту, күжүрмөн самбонун жакындан коргонуунун ыкмаларын, тиешелүү куралдарды колдонуу жана атууну, аскердик, саптык ырларды жана башка көнүгүүлөрдү өтүү менен бирге аскердик кийим кечесине жана тартибине көнүл бурулду», — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунга Кара-Кулжа районунун командасы, 2-орунга Араван районунун жана 3-орунга Ноокат районунун командасы татыган.

Жарышка катышкан бардык командаларга ИИМдин «Динамо» уюму жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кубок, диплом, медаль, ыраазычылык кат жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>