Зордукталган 13 жашар кыздын ата-энеси сотко кайрылды — видео

Зордукталган 13 жашар кыздын ата-энеси сотко кайрылды — видео

Бишкекте зортуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын ата-энеси соттон акыйкат чечим талап кылат. Бул тууралуу кыздын атасы журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, былтыр март айында бул иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген.

Райондук соттун чечими менен милиция кызматкерлери 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркинен ажыратылган. Төртүнчү адам 8 жылга соттолгон.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, аларга 6 жана 9 жыл берген.

Ага байланыштуу жабыралануучу тарап менен прокуратура Жогорку сотко кассациялык азыр берип, Бишкек шаардык соттун чечими мыйзамсыз экенин билдиришкен.

Соттук отурум бүгүн, 22-мартта болуп өтмөк. Бирок жаза мөөнөтү кыскартылган милиция кызматкерлери жаңы жактоочу алгандыктан, ал иш менен таанышуу үчүн убакыт сурап, соттук процесс 5-апрелге жылдырылды.

Бүгүнкү соттук отурумга кыздын ата-энеси келип, соттон акыйкат чечим талап кылышты.

Кыздын атасы айыпталуучуларга 5-6 жылдык жаза бериле турган болсо, алар кийин эркиндикке чыкканда, өзүнүн ыплас иштерин кайра жасашы мүмкүн деп эсептейт. Андыктан педофилдерге катаал жаза берилишин колдойт.

Ошондой эле, эки милиция кызматкерине жазааны жеңилдеткен шаардык сотуна нааразы экенин билдирди.

«Райондук сот 15 жылдан берген. Буга чейин барбаган жерим калган жок. 10 жылдык өмүрүмдү алып койду. Айла жок 15 жылга макул дейт экенсин. Бирок аны аз деп эсептейм. Өмүр бою эркинен ажыратылса жакшы болмок. Себеби, 10-15 жыл береби, кайра кайтып келип, дагы башка наристелердин тагдырын талкалабайт деп ким кепилдик бере алат?», — дейт ал.

Ал кызынын психологиялык абалы тууралуу да айтып өттү.

«Кызымдын бат ачуусу келет. Биз менен мамилеси да бир аз терс. Булар анын психологиясын бузуп салышты, талкалап коюшту. Мурда шайдоот кызым болсо, азыр ойлуу жүрөт, бир нерсе айтсаң, терс кабыл алат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүнкү соттук отурумду утурлай бир нече жарандык активист Жогорку соттон акыйкаттыкты, күнөөлүүлөргө катаал жаза берүүнү талап кылып, митингге чыгышты. Алар педофилдер жеңил жаза менен кутулуп кетпеш керек деп эсептейт.

13 жашар кыздын зордукталышы: Бишкекте митинг өтүп жатат (видео)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>