Баткенде үйлөрдү куруу иштери токтоп калды. Айлык төлөнбөй жатат

Баткенде үйлөрдү куруу иштери токтоп калды. Айлык төлөнбөй жатат

Баткенде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери токтоп калды. Себеби, курулуш компаниясы жумушчулардын эмгек акысын бербей жатат. Бул тууралуу Kloop басылмасына тургундар билдиришкен.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен районунун тургундары үйлөрүн калыбына келтирүү иштери токтоп калганын марттын ортосунда Kloop басылмасына билдиришкен.

«Подрядчылар куруучуларга акчасын бербей, эки айдан бери дайынсыз болуп кетишкен. Алар [курулушчулар] ордуларда болуп, “төлөсө, иштейбиз” дешет. Үйүбүздүн чатыры жабылды, фасады бүттү, үйдүн ичине гипсокартон орнотулду, бирок терезелери, эшиктери орнотулбай, ванна бүтө элек – курулуштун баары токтоп турат.  Негизинен үйдүн ичиндеги бардык иштер бүтө элек. Капчыгай айылында «Доор» фирмасында 20дан ашык үйдүн курулушу бар. Алардын баары ушундай абалда», — дейт Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылынын тургуну Шарипа Кудайбердиева.

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын юристи Нуркыз Жанышбекова Баткенде курулушчулар акчаны өз убагында алышпай, тургундар үйлөрдүн сапатсыздыгын айтып жатканын басылмага ырастады.

«Капчыгайда жалпысынан 50 үйдүн курулушу бүтө элек. Кээ бир тургундар алардын сапатсыздыгына, кээ бир үйлөр архитектуралык талаптарга жооп бербегендигине даттанышкан. Маселен, ваннадагы плиткалар шыпка чейин болушу керек эле дешет, бирок куруучулар дубалдын ортосуна чейин жасашкан. Септик үйдүн жанынан казылган, алар 15 метр аралыкты да калтырышкан эмес», — деди Жанышбекова.

Баткен облустук администрациясынан билдиришкендей, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Ак-Сай айыл аймагынын жашоочулары менен жолугуп, курулуш башкармалыгына үйлөрдү калыбына келтирүү маселесин чечүүнү тапшырган.

Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү жана куруу боюнча жооптуу «Аманат курулуш инвест» ишканасынын башкы прорабы Кудайназар Жолматов куруучуларга эмгек акы төлөнүп берилерин убада кылды.

Буга чейин Баткенде 332 турак жай колдонууга берилгени маалымдалган. 

Баткенде 332 турак жай колдонууга берилди — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>