14 жаштагы кыздын өлүмү: Эки шектүү асынган абалда табылды

14 жаштагы кыздын өлүмү: Эки шектүү асынган абалда табылды

Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү деп кармалган төрт адамдын экөө Ош шаарындагы тергөө абагында асынган абалда табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 3-декабрда өз камераларында асынган абалда табылган. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, жакында эле аталган иш сотко өтүп, төрт шектүүгө айып тагылган, алардын бири өспүрүм.

4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Андан кийин бул ишке шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>