142,6 млн сом зыян. «Кадастрдын» кызматкерлерине иш козголду

142,6 млн сом зыян. «Кадастрдын» кызматкерлерине иш козголду

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жоопту адамдары бүтүмдөрдү мыйзамсыз каттап, мамлекетке 142 млн 683 миң зыян алып келген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин мэриясы «А» ЖЧКсына көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн 1,524 га жер тилкесин берип, анын ордуна курулган турак үйдүн 10%ын мэриянын менчигине өткөрүп алууну макулдашкан.

«Бирок, «А» ЖЧКсы «Э» жана «Р» курулуш компаниялары, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жооптуу кызмат адамдары менен алдын ала макулдашып, курулган турак-жайлардын тиешелүү бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп бербестен, биргелешкен кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзүп, үчүнчү жактарга сатып жиберген.

Натыйжада, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдары бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүп, турак үйлөрдү сатууга шарт түзүп бергендигинин кесепетинен, мамлекеттин эсебине 142 млн 683 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдирет прокуратура.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>