«Батуми» кафесин бузуу: Вице-мэр Орунтаевге кылмыш иши козголду

«Батуми» кафесин бузуу: Вице-мэр Орунтаевге кылмыш иши козголду

Бишкектеги «Батуми» кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, «Батуми» кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө «Батуми» кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Нурдан Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча УКМК тарабынан вице-мэр Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.

«Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Нурдан Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев вице-мэр Нурдан Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгиледи», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>