Кыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдүАба ырайы кескин сууктап, жаан жаайт: 5-октябрга карата аба ырайыКыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болду
15-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +41°Cге чейин жетет, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жамгыр жаашы күтүлөт
15.07.2026 | 09:00

Бүгүн, 15-июлда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү божомолдонууда. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +35…+40°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +30…+35°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +36…+41°C;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24°C, күндүз +36…+41°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +25…+30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +23…+28°C.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы +19…+21°C, күндүз +35…+37°C болот.
Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18°C, күндүз +25…+27°C болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 14-июль күнү эртең менен +20,7°C болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода