Баланын автобус алдында калып каза болушу: ишкананын инженери жана диспетчери кармалды

15.07.2026 | 09:32
Баланын автобус алдында калып каза болушу: ишкананын инженери жана диспетчери кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкекте 9 жашар баланын автобустун дөңгөлөгү астында калып каза болгондугу боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын эки кызматкери — 1970-жылы туулган коопсуздук техникасы боюнча инженер Т. У. жана 1979-жылы туулган диспетчер Ш. К. кармалды. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызмат адамдары өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбай, транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочуга муниципалдык автобусту башкарууга жол бергендиги аныкталган.

Мындан тышкары, автобустар линияга чыгаар алдында алардын техникалык абалын тийиштүү түрдө текшербей, техникалык көзөмөл формалдуу гана жүргүзүлүп келген.

Эске салсак, жол кырсыгы 13-июль күнү эртең менен Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) маалыматы боюнча, № 34 автобустун айдоочусу Б. М. оңго бурулуп жатып, жолдон өтүп бараткан 9 жашар А. М. аттуу баланы сүзүп кеткен. Бала ооруканага жеткирилген, бирок ал жандандыруу бөлүмүндө (реанимацияда) каза болгон.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, сот 2026-жылдын январында эле айдоочуну мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыраткан. Мэриядан билдиришкендей, ал киши муну жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүктүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн.

Айдоочу дагы кармалган. Ага карата кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуп, өзгөчө оор кесепеттерге алып келгендиги боюнча берене менен кылмыш иши козголду. Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top