Кыргызстан Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы менен тыгыз кызматташатБашка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм тасма тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат
15-июндан тартып тышкы каттамдар жанданбайт — тактоо
04.06.2020 | 17:20
Эл аралык каттамдар 15-июндан тарта жанданат деп берилген буга чейинки маалыматта так эместиктер орун алган. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев эл аралык авиакаттамдарды 15-июндан тарта жандантуу пландалып жатканын, чет элдик каттамдар учууга макулдук бергенин айткан.
Штаб жиберген тактоодо айтылгандай, өлкөдөгү аэропорттор 15-июндан тарта эл аралык авиабилдирүүлөрдү кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми эл аралык каттамдарды кайра жандантуу Өкмөттүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.
Чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялар каттамдарын качан жана канча жолу ишке ашырышы боюнча жеке сунуштарын жиберүүдө.
Курманбек Акышевдин буга чейинки билдирүүсү.
сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: Жаңылыктар, Коом