«Түндүк» тиркемесинде шайлоочулар үчүн жаңы кызмат ишке кирдиАнтимонополия кызматы мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийинки бензиндин баасы тууралуу маалымдадыСоциалдык келишимдин катышуучуларына 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилетМектептерде 18 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алуудаКыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылатКочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды
16-июль: Кыргызстанда дагы 521 адамга коронавирус жукту
16.07.2020 | 10:07
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 521 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 16-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 273 адам. Ош шаарында 38, Чүй облусунда 74, Ош облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 48, Баткен облусунда 39, Ысык-Көл облусунда 30, Талас облусунда 8 адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 75 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.
18-марттан 16-июлга чейин өлкөдө жалпы 12 миң 498 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3735 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Коом