Бир суткада пневмониядан 41 адам, коронавирустан 7 адам каза болду

Бир суткада пневмониядан 41 адам, коронавирустан 7 адам каза болду

Бир суткада пневмониядан 41 адам, коронавирустан 7 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан каза тапкандар төмөнкү аймактарда:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта);
Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта); Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта;
Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта).

Ошентип,  өлкөдө жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 167 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам.
Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны 612 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>