Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
16-май: Коронавирус дагы 6 адамдан табылды, 38 бейтап айыкты
16.05.2020 | 10:15
Кыргызстандын аймагында дагы 6 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1117ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек ш. – 3, Ош шаары –1, Ош облусу –1, Баткен облусу –1.
Нурболот Үсөнбаев ошоной эле бир сутка ичинде 38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 783гө жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом