Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
19.08.2026 | 09:00

Бүгүн, 19-августта, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 31…36°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 28…33°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 16…21°C, күндүз 31…36°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 25…30°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 26…31°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 18…20°C, күндүз 33…35°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы