19 жаштагы кыз жигити өлгөндөн кийин өз өмүрүн кыйды

19 жаштагы кыз жигити өлгөндөн кийин өз өмүрүн кыйды

Тоң районунда жансыз денеси көл жээгинен асылган абалда табылган кыз жигити жерге берилген күнү өмүрүн кыйгандыгын айылдаштары билдиришкенин «Турмуш» жазды.

Алардын айтымында, кыздын жигити Бишкектен Бөкөнбаевге келе жатып Кант шаарында жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Анын сөөгү 26-октябрь күнү жерге берилген.

«Ошол күнү аталган кыз жигитин акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган. Ал жерден Эшперов айылына бир унаа менен келген. Бирок үйүнө кирбей, башка унаага түшүп кеткен экен. Анан көл жээгине барып, бастырмага асынып алыптыр», — деди айыл тургундары.

Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, 26-октябрь түнү милиция кызматкерлери келип, Эшперов айылындагы видеокамераларды карашкан. Анда кыз айылга «Хонда Степвагон» унаасы менен келгени, кайра башка унаага түшүп кеткени белгилүү болгон. 27-октябрда эртең менен кыз асынган абалда табылган.

 

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз асынып алды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>