20 миң долларга унааны алып качып кеткен жаран кармалды

20 миң долларга унааны алып качып кеткен жаран кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 26-июнунда Аламүдүн районунун ички иштер органдарына 1990-жылы туулган И.А. арыз менен кайрылып, чала тааныш адамга карата чараларды көрүп берүүсүн суранган. Анда арыз ээсинин таанышы 20 миң долларлык унаасын бөлүп төлөө жолу менен алып, качып кеткен.

Бул факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренеси менен катталган.

Чүй облустук жана Аламедин райондук ички иштер кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде мурда бир нече кылмыш жообуна тартылган 1987-жылы туулган Б.Б аттуу жаранды кармашкан. Шектүү учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүн деген маалымат бар. Буга байланыштуу Аламүдүн РИИБ бул адамдын колунан жапа чеккен жарандарды Аламүдүн районунун ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмүнүн номурларына кайрылууну өтүнөт: 0312 36 35 27, 0312 36 35 23.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>