Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
200 миң доллар менен кармалган Талант Мамытов эки айга камалды
27.11.2023 | 10:00
Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси Талантбек Мамытов эки айга камалды. Бул тууралуу Баткен облустук соту билдирди.
Акча опузалоого шектүү 11-январга чейин Ош шаарындагы тергөө абагында кармалат.
Белгилүү болгондой, Талантбек Мамытов 23-ноябрда 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал “Мекенчил” партиясынын мүчөсү катары Садыр Жапаровду колдоп келгени маалым.
Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кеңешчисинин күнөөсүн тергөө аныктарын билдирди.
Талант Мамытовдун кармалышы боюнча Баткендин башчысы үн катты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз