Ошто милициянын башчысынын 3 орун басары мушташканы үчүн иштен алынды (видео)

Ошто милициянын башчысынын 3 орун басары мушташканы үчүн иштен алынды (видео)

Ош облустук милициянын башчысынын үч орун басары мушташканы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга «Ош облустук милициянын башчысынын орун басарлары мушташып жатат» деген видео тараган. Аталган видео коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул окуя боюнча териштирүү жүрүп, мушташ 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталган. Алар өз ара пикир келишпестиктен улам мушташкандыгы белгилүү.

Ошондой эле окуя жерине ыкчам-тергөө тобу менен ички иликтөө кызматкерлери барып, далил зат катары кан тактарынын үлгүлөрү алынган. Андан сырткары, аталган көп кабаттуу үйдө орнотулган камералардан видеодалилдер алынган.

Мушташтан кийин кол алдындагы кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жана тарбия иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн облустук милициянын башчысы Жеңиш Жоробековго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө» эскертүү тартип жазасы берилди. Аны менен бирге, мушташка катышкан облустук милициянын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Алмаз Үсөналиев, коомдук коопсуздук боюнча орун басары Салмоорбек Шералиев, кадр иштери боюнча орун басары Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Учурда мушташка катышкан орун басарларга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Аталган орун басарлар менен окуяга күбө болгон адамдарды тактап, суракка алуу үчүн Тергөө кызматына алып келүү тапшырмасы берилген.

ИИМден билдиришкендей, бул окуя боюнча топтолгон материалдар тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>