Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
2023-жылы Россияда баңгизат менен соттолгон кыргызстандыктардын саны 2,9%га көбөйдү
21.11.2023 | 16:22
2023-жылы өткөн жылга салыштырмалуу Россияда баңгизат кылмышына аралашкан кыргыз мигранттарынын саны 2,9 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилиги Россиянын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгына шилтеп маалымдайт.
Укук коргоо органы акыркы жылдары өтө жаш атуулдар жоопкерчиликке тартылып жатканын белгилейт.
2023-жылдын 9 айында 566 кыргызстандык баңгизатка байланыштуу беренелер менен соттолду.
Башкы прокуратуранын маалыматында, Россияда 1 миң 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом