Пенсионер иштесе, Соцфондго акча төлөш керекпи? Расмий жооп

Пенсионер иштесе, Соцфондго акча төлөш керекпи? Расмий жооп

Пенсияга чыгып, иштеп жаткан жарандардын маянасынан Соцфондго 8% кармалып калат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Соцфонддон билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзамга ылайык ишкана-мекемелерде (юридикалык жак катары катталган) иштеп жаткан пенсионерлер Социалдык фондго акча төлөшөт. Иш берүүчү төлөгөн социалдык чегерүүлөрдөн тышкары, пенсионердин айлыгынан Соцфондго 8% акча кармалып калат. Пенсионерлер Топтомо фондуна 2%дык камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотулган. Белгилей кетсек, пенсияга чыга элек жарандар Соцфондго маянасынан 10% чегерет (Пенсиялык фондго 8% жана 2% Топтомо фондуна).

Ошол эле учурда, юридикалык жак катары катталбастан жеке ишкерлик менен алектенген I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер жана жер тилкесине, үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган.

Иштеп жаткан пенсионерлер Соцфондго чегерген акчасынын эсебинен алардын пенсиясы жыл сайын кайра эсептелип, пенсиясы көбөйтүлүп турат.

Кыргызстанда 2022-жылы иштеген пенсионерлердин саны 125 миң 226 адамды түзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>