Быйыл 10 айда уурулук боюнча 15,4 миңден ашык кылмыш иши козголгон

Быйыл 10 айда уурулук боюнча 15,4 миңден ашык кылмыш иши козголгон

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин жетекчилиги алдында ыкчам кызматтардын иши боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кеңешмеде Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баңгизатка каршы күрөшүү кызматтын жана Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматтын быйыл 10 айда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, артыкчылыктуу багыттары белгиленип, ар бир багыттагы жетишкендиктер менен кетирилген кемчиликтер талдоого алынды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов өз баяндамасында кылмыш иликтөө багыты боюнча жасалган кылмыштардын жалпы санынын 55%дан ашыгын башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо түзүп жатканын белгиледи.

2023-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо боюнча 7 миңден ашуун фактылардын бети ачылган. 10 айдын ичинде мүлктү уурдоо боюнча 15 миң 460 кылмыш иши козголуп, 240 кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Уурулук фактылары боюнча 2900дөн ашык адам кармалып, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылууда. Мындан тышкары, алдамчылык боюнча кылмыштын бетинин ачылышы былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 %га өскөн”, — деди Каныбек Абдырахманов

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү да иштин негизги багыттары катары аныкталды.

Нурбек Абдиев коомдун орчундуу көйгөйлөрүнүн бири катар баңги кылмыштуулук менен күрөшүү коомдогу орчундуу көйгөйлөрүнүн бири эеенин белгилеген.

 «Заманбап дүйнөдө баңгизаттарга байланышкан актуалдуу көйгөйлөр бар. Бул көз карандылыктан жыл сайын миллиондогон адамдар өлөт. Баңгизатын колдонгондордун көбү жаштар жана өспүрүмдөр. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдында татаал тапшырма — жаш муундарды бул кырсыктан коргоо милдети турат. Ал эми биз бул коркунуч менен активдүү күрөшүшүбүз керек”, — деди Абдиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>