Орунтаев: Ташов кыйын ишкер болсо элди алдабай үйлөрүн бүтүрмөк

Орунтаев: Ташов кыйын ишкер болсо элди алдабай үйлөрүн бүтүрмөк

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги “KG групп” компаниясынын лицензиясын кайра карап чыгат. Бул тууралуу мекеменин директору Нурдан Орунтаев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясынын жоопкерчиликсиздигинен жарандар алданып, чыгымга дуушар болушту.

“Бүтпөгөн жана мыйзамсыз курулган үйлөрдүн маселеси эми карапайым элге жүктөлүп жатат. Ушундай ызы-чуудан улам биз компаниянын лицензиясын кайра карап чыгууга аргасызбыз”, — дейт ал.

Нурдан Орунтаевдын маалыматында, “KG групптун”  Бишкек шаарындагы 9 турак жайынын үчөө гана эксплуатацияга берилген.

“Бешөөндө элдер жашап жатат, бирок толук бүткөн эмес. Компаниянын жоопкерчиликсиздиген жашоочулар электр  жарыгына, сууга акыны коммерциялык уюм катары кымбат төлөшөт. Элдин акчасын чогултуп, ишти аяктабай туруп эле, көк беттенип элди киргизип салат. Компания үйдү куруп алып, анан документтерин толуктап баштайт”, — дейт директор.

Нурдан Орунтаев компаниянын башчысы Имамидин Ташовдун акыркы билдирүүлөрүн сынга алды.

“Кыйын бизнесменмин, патриотмун дейт. Антип үйлөрүн бүтүрүп алып, анан сүйлөсүн. Патриот болсо Көк-Жар айылында алган жерге бала бакча курбай, үй салмак беле? Ал бул үчүн шаардын бюджетине 52 миллион сом төлөп берди”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Имамидин Ташовго активист Тилекмат Куренов менен бирге мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракети менен айып тагылып,  издөө жарыяланды.

Ташовдун кымбат балуу унаалары алынып, эки киши кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>