Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
УКМК: Ысык-Көлдө пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алуу фактысы аныкталды
14.08.2026 | 16:22

Ысык-Көл облусунда пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алуудан мамлекетке 5,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.
Атайын кызматтын маалыматында, «Шагыл-Кум Кереге-Таш» ишканасынын жетекчиси З.Б.З. мыйзамдарды бузуу менен кум-шагыл жана чопо казууну уюштурган. Натыйжада жерлер жараксыз абалга келип, рекультивация иштери жүргүзүлбөгөндүктөн экологияга зыян келтирилген. Материалдык зыяндын жалпы суммасы 5 млн 513 миң 904 сомду түзөт.

УКМК учурда Ысык-Көл облусунда ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар