“2090 сом чоң акча эмес”. Аткаминер балдардын тамагына ата-энелер төлөй аларын айтат

“2090 сом чоң акча эмес”. Аткаминер балдардын тамагына ата-энелер төлөй аларын айтат

Бала бакчада балдардын тамактануусуна кеткен каражатты жаңы имараттарды курууга, жаңы бакчаларды ачууга багыттоо керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министрлигинин мектепке чейинки башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова билдирди.

Ал 1 миллион 147 миң баланын 220 миңи гана бакчага барат.

“Бакчага баргандарга гана шарт түзүп берип, калгандарын камкордукка албай жатабыз. Алардын бакчага барганга дагы, бюджеттен бөлүнгөн тамактанууга дагы мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат”, — дейт Нурзида Касымова.

Мамлекеттик кызматкердин айтымында, тамактанууга анчейин көп акча төлөнбөйт.

“3 жашка чейинки балдарга 1800, андан өйдө курактагыларга 2090 сом. Бул өтө чоң акча эмес. Азыр деле аймактарда тамакка кеткен чыгымдын 80 пайызын, Бишкекте 50 пайызын төлөп беришет”, — дейт билим берүү министрлигинин өкүлү.

Депутат Элвира Сурабалдиева, 2024-жылдын бюджети 11 миллиард сом профицит менен бекитилгенин эскертти.

“2000 сом бир бала үчүн чоң акча эмес, үй-бүлөдө 2-3 баласы бакчага баргандар бар. Өлкөнүн бюджети 358 миллиардды түзүп,  профицит болуп жатканда балдар үчүн 5,5 миллион сом табылбайбы? Башкага үнөмдөсөк дагы балдардан кемитпесек”, — деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын  28-берененин 6-бөлүгүндө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылары каралган. Ушуга байланыштуу Финансы министрлиги бала бакчалардын тамак-ашын каржылоону токтоткон.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзамга өзгөртүү сунуштап, тамак-ашты кайра Минкабдын мойнуна жүктөмөкчү. Депутаттардын мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда жактырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>