Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө иштери уланууда (видео)

Аламүдүн капчыгайында жоголгон Мукамбеталыны издөө иштери уланууда (видео)

Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Мукамбеталы Маматалы уулуну издөө иштерине уланууда. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жоголгон жигитти издөөгө ИИМдин Ички аскерлеринен жана Ленин райондук милициядан 100дөн ашык кызматкер тартылган. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрининен 174, «Инсараг» издөө-куткаруу тобунун 3 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Мукамбеталы Маматалы уулуну көргөндөр болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(553) 102 465, 0(703) 401 600, 0(553) 102 880 или 0(502) 250 880 же «102» номерине кабар берүүсүн суранат.

Эскерте кетсек, Мукамбеталы Маматалы уулу 14-январдан бери дайынсыз болууда. Ал Чүйдөгү Аламүдүн капчыгайында жоголгон деп айтылууда. Ошол жактагы мейманкананын камерасына Маматалы уулу тоо тарапты көздөй бара жатканы түшүп калган.

Мукамбеталы Маматалы уулунун талма оорусу бар экени белгилүү. Ал жоголгондон кийин башында издөө иштерин туугандары жана милиция жүргүзө баштаган. 16-январда кечинде анын жакындары видеокайрылуу жасап, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерине көмөктөшпөй жатканын билдирген. Бул кайрылуудан кийин эртеси, 17-январда ӨКМ да издөө иштерине жардам бере баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>