Чүйдө тургундун сарайына кирген уурулар уюн союп, этин алып кетүүгө аракет кылган

Чүйдө тургундун сарайына кирген уурулар уюн союп, этин алып кетүүгө аракет кылган

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурулар тургундун сарайына кирип, бир уюн союп, этин уурдоого аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январда таңкы саат 05:00до белгисиз жарандар облус тургунунун мал кармаган короосуна кирип, кунажынын союшкан. Кылмышкерлер малды жиликтерге бөлүп, этин көтөрүп кетүүнү пландаган. Бирок ошол маалда мал ээлери кылмышкерлерди көрүп калып, алар качып кетишкен. 19-январда малдын ээси милицияга кайрылган.

Аталган фактыгы байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы Э.Р. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө учурунда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой эле анын дагы бөлөк ушундай кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Андан тышкары аталган кылмыштын алкагында окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Кылмышкерлер союп, уурдоого аракет кылган кунаажын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>