«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады

21.08.2026 | 09:55
«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын жарандары үчүн Кытай аркылуу 240 сааттык визасыз транзиттин киришин «эң сонун» жаңылык деп атады.

Анын айтымында, Кытайда 10 суткага чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү кыргызстандыктар үчүн саякаттоого жаңы жолдорду ачат.

«Кандай сонун жаңылык: кыргызстандыктар Кытайга 10 күнгө визасыз кире алышат. Менимче, бул өтө сонун, укмуштуудай, жалпысынан биз үчүн жолдор ачылып жатат», — деп билдирди депутат.

Ошол эле учурда Бекешев сөз транзит тууралуу гана болуп жатканына көңүл бурду. Бул режимди колдонуу үчүн саякатчы Кытай аркылуу үчүнчү өлкөгө же аймакка барышы керек.

«Албетте, сиздер үчүнчү өлкө аркылуу — Алматы, Өзбекстан же Тажикстан аркылуу чыгып кетишиңиздер керек. Жол каттамы сөзсүз үчүнчү өлкө аркылуу өтүшү зарыл жана 10 күнгө чейин визасыз жүрүүгө болот», — деп белгиледи ал.

Депутат ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөргө оң баа берди.

«Бул сонун жаңылык. Мен тышкы саясатта абдан көп чоң бурулуш жасаган иштер (жетишкендиктер) жасалып жатат деп эсептейм», — деди Бекешев.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 20-августунан тарта Кыргызстандын жарандарына эки визасыз режим — 240 сааттык визасыз транзит жана Хайнань провинциясына 30 күндүк визасыз кирүү режими жайылтылат.

Жалпы жарандык паспорту бар кыргызстандыктар ачык 65 өткөрмө бекети, анын ичинде Пекин жана Шанхай аэропорттору аркылуу 240 сааттык транзиттен пайдалана алышат.

Негизги шарттардын бири — үчүнчү өлкөгө же аймакка баруу күнү жана маршруту тастыкталган билеттин болушу. Бул режим боюнча Кытайда жүрүүнүн максималдуу мөөнөтү 240 саатты же 10 сутканы түзөт. Ошол эле учурда саякатчылар визасыз транзиттин эрежелеринде каралган аймактардын чегинде гана болушу керек.

Хайнань провинциясы үчүн өзүнчө режим иштейт. Жалпы жарандык паспорту бар Кыргызстандын жарандары аралга визасыз кирип, провинциянын административдик райондорунун чегинде 30 күнгө чейин жүрө алышат.

Визасыз режимдер кыска мөөнөттүү туристтик жана ишкердик сапарларды жасоого, туугандарына барууга жана Кытайга жеке максаттар менен келүүгө мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда, алар алдын ала уруксатты талап кылган ишмердүүлүккө жайылтылбайт. Тактап айтканда, жумуш, окуу жана журналисттик ишмердүүлүк үчүн алдын ала тиешелүү кытай визасын жол-жоболоштуруу зарыл.

Кыргызстан менен Вьетнам жарандары 240 сааттык визасыз транзитке ээ болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргенден кийин, алардын жалпы саны 57ге жетти. Ал эми Хайнанга 30 күнгө чейин баруу үчүн визасыз режимди 61 мамлекеттин жарандары колдоно алышат.

КЭРде 10 суткага чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү кыргызстандыктар үчүн саякаттоонун жаңы жолдорун ачат. Тышкы саясатта көптөгөн ири жана алгылыктуу иштер жасалып жатат деп эсептейм.

Дастан Бекешев

«Много прорывных вещей»: Дастан Бекешев оценил внешнюю политику Кыргызстана — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты

Scroll to Top