23.03.2023 – Кыргызстанда бул күнү 199 түгөй үйлөндү

23.03.2023 – Кыргызстанда бул күнү 199 түгөй үйлөндү

Кыргысзатнда 2023-жылдын 23-мартында (23.03.2023) республика боюнча 199 түгөйлөрдүн мамилелери расмий түрдө каттоого алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 104 түгөй никелерин катташты.

“Бишкектеги Бакыт үйүндө 62 нике катталса, ордолуу Ош шаарында 8 нике расмий түрдө катталды”, — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бүгүнкү күндө, айрыкча жаштар арасында кооз даталар, күндөр, айлар же жылдардын сандары бири-бирине дал келген, окшош күндөрдү же бардык сүйүшкөндөрдүн күнүн тандоо тенденциясы өзүнүн актуалдуулугун жогото электигин белгилейт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>