Экономика министрлиги Орто коридордун инвестициялык потенциалы тууралуу айтып бердиСалык кызматынын башчысы АКШда көк бөрү курама командасынын турнесин уюштурууну сунуштадыЖаңы багыттар жана долларсыз эсептешүүлөр: эксперт ШКУ менен БРИКСтин келечеги тууралуу24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйтКыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту
24-апрель: Коронавирус 325 адамдан аныкталып, 5 киши каза болду
24.04.2021 | 15:10
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 325 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 4593 кишиден ПЧР тест алынган.
Алар:
Бишкек шаарында – 195;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 90;
Ош облусунда – 6;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 20;
Жалал-Абад облусунда – 6;
Баткен облусунда – 1.
Ошондой эле инфекция 13 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 163 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 93 миң 603 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 880 бейтап айыгып, 1 миң 578 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар