Салык кызматынын башчысы АКШда көк бөрү курама командасынын турнесин уюштурууну сунуштады

24.09.2026 | 10:01
Глава ГНС предложил организовать турне сборной по кок-бору в США — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Мэттью Хабиновски жана элчиликтин экономикалык жана коммерциялык маселелер боюнча кеңешчиси Брайан Кейбл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы маселелерди жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин, анын ичинде Кыргызстанда санариптик кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларды салыкка тартууну, ошондой эле АКШ элчилигинде эмгектенген КР жарандарынын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө маселелерин талкуулашты. Тараптар бул багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн оң натыйжаларын белгилешип, МСКнын төрагасы дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен конструктивдүү диалог жүргүзүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Шыкмаматов элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө спорттун ролу чоң экенин белгилеп, салттуу кыргыздын көк бөрү оюнун эл аралык деңгээлде жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

«Баскетбол, бокс, ММА жана хоккей сыяктуу спорт түрлөрү сыяктуу эле, көк бөрүбүздү дагы эл аралык деңгээлде жайылта турган мез келди. Көк бөрүнүн келечеги чоң жана ал ар түрдүү элдердин өкүлдөрү кызыгып сүйүп ойногон дүйнөлүк маанидеги спортко айлана алат», — деди Шыкмаматов.

Ал көк бөрү боюнча биринчи эл аралык турнени АКШда уюштурууну, ага 50–60 чамалуу спортчулар жана командалардын өкүлдөрү катышып, ат спорту жана жылкы өстүрүү маданияты өнүккөн Юта, Техас жана Монтана штаттарында көрсөтмө мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

«Биз кийинки кадамды жасоону — көк бөрү курама командасынын АКШга сапарын уюштуруп, бул оюнду эл аралык аудиторияга көрсөтүүнү сунуштайбыз. Бул жөн гана спорттук иш-чара эмес, кыргыз жана америкалык эки ат маданиятынын жолугушуусу болуп калышы мүмкүн. Биздин милдет — көк бөрүнү улуттук салт катары гана эмес, заманбап көрктүү спорт катары да таанытуу», — деп баса белгиледи МСКнын башчысы.

Турненин алкагында биргелешкен спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү, америкалык аудиторияга көк бөрүнүн динамикасын жана кооздугун көрсөтүү, ошондой эле кыргызстандык спортчуларды жылкычылыктын салттары жана АКШда популярдуу болгон жылкы тукумдары менен тааныштыруу сунушталууда. Шыкмаматовдун пикиринде, кесипкөй деңгээлде уюштурулуп, заманбап трансляция жүргүзүлүп жана ветеринардык, спорттук, укуктук талаптар сакталса, мындай турне көк бөрүнү эл аралык аренада илгерилетүүдө маанилүү кадам болуп калмакчы.

«Борбор Азиянын эң мыкты спортчулары атайын даярдалган аттар менен талаага чыгып, америкалык коомчулукка бул оюндун бардык динамикасын, күчүн, сулуулугун жана духун көрсөтүшөт», — деп белгиледи ал.

Мэттью Хабиновски АКШда ат спортуна, чабандестикке жана жылкы чарбасына, анын ичинде аппалуза жана мустанг сыяктуу жылкы тукумдарына кызыгуу жогору экенин белгилеп, мындай иш-чараларды өткөрүү идеясын колдоду. Анын айтымында, мындай демилгелер бул спорт түрүн өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзө алат.

Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду улантууну жана кызматташтыктын келечектүү багыттарын карап чыгууну макулдашышты.

Теги: ГНС
Scroll to Top