25-апрелге карата аба ырайы

25-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +17…+22

Талас облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +16…+21

Баткен облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +25…+30

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +12…+17

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +13…+18

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 га жетип, абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүзгү жогорку температурасы +19…+21°. болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>