Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер: кимдер уруксат алды, кимдерге баш тартылды?Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды, театрлар 1 931 спектакль койдуБишкекте таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты өтөтМинкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады«Жаратман МУУН»: Бишкекте келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөтУлуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүн
Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрүүдө
24.04.2023 | 21:45
Бишкек — Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында таш кулатуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Кыргыз темир жолу” ишканасы иштер 28-апрелге чейин улана турганын билдирди.
Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык автоунаа топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат.
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом