26-27-майда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөр жабылат

26-27-майда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөр жабылат

26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу жана Евразия экономикалык форуму өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери келет.

Эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

ЖКККББ шаар тургундарын менен конокторду киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин сактоону чакырды. Ошондой эле автоунааларды жол жээгине токтотпоону суранды.

«Бул күндөрү чет мамлекетке же башка аймакка кете турчу жарандар сапарын алдын ала пландап алышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>