Кыргызгидромет ишканасынын маалыматына караганда 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7;
Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;
Ош, Баткен,, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;
Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -3…-5 градус болот.