Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Рейтингдик мелдеш: Тайырбек Жумашбек уулу жарым финалга чыкты
06.06.2024 | 15:38
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу Венгриядагы рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты.
Жумашбек уулу 61 кг салмакта күч сынашууда. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде грузиялык спортчу Ника Закашвилини 13:0 эсебинде жеңди. Андан кийинки кармашында египеттик Гамал Мохамедди 12:1 эсебинде утуп, жарым финалга өттү.
Эми ал жарым финалда америкалык Аарон Гаррет менен күч сынашат.
Ушул эле мелдешке катышып жаткан Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) биринчи беттештеринде жеңилүү ызасын тартып калды.